Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 10

Президент Эрдоган Түркия  - Түркмөнстан дипломатиялык карым – катнаштарынын 25 жылдыгынан улам Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовго кат жиберди

686630
Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 10

Урматтуу окурмандар, жумалык берилүүчү Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер. Бул жумада биринчи кабарыбыз Түркиядан.

Президент Эрдоган Түркия  - Түркмөнстан дипломатиялык карым – катнаштарынын 25 жылдыгынан улам Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедовго кат жиберди.

Түркмөнстандын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкө болуунун Түркия республикасы үчүн өзүнчө сыймыктын булагы экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Саясий эрк жана чечкиндүүлүк менен тереңдеткен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгыбыздын алдыбыздагы 25 жылда дагы да күчтөнүү менен улантыларына  чын жүрөктөн ишенем. Аймагыбызда  ырааттуулуктун улантылышы үчүн бирдикте иштешибиз өткөн күндөрдө болгондой бүгүн да абдан чоң мааниге ээ»,- деди.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө үчүнчү жолу президент болуп шайланган Бердимухаммедовду куттуктап, дос жана бир тууган түркмөн калкына эсендик жана бейкуттук үчүн жакшы тилектерин кайталады.

Түркия – Түркмөнстан дипломатиялык карым – катнаштарынын 25  жылдыгынан улам тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да түркмөн кесиптеши Рашит Мередовго куттуктоо жиберди.

Ашкабаттагы Түркия элчиси Мустафа Капужу тарабынан түркмөн тышкы иштер министрлигине билдирилген куттуктоодо  кесиптеши Мередов жана Түркмөнстан калкына жакшы тилектерин билдирген Чавушоглу аймактык ырааттуулуктун улантылышы үчүн бирдикте иштөөнүн маанисине көңүлдөрдү буруп, эки тараптуу карым – катнаштардын күчтөнүү менен улантылышына болгон ишеничин баса белгиледи.

Көз карандысыздыгынын жарыяланышынан кийин 1991 -  жылы 16 -  декабрда Түркмөнстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп кабыл алган жана 1992 -  жылы 29 – февралда Түркмөнстан менен дипломатиялык карым – катнаштарды курган жана борбор Ашкабатта элчилик ачкан биринчи өлкө Түркия болгон.

Өткөн жумада да Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вефа Хажыев баштаган түркмөн делегациясы менен түрк тышкы иштер министрлигинин жетекчилери Анкарада жолугушуп, саясий кеңеш өткөрүштү.

Өзбекстандын 2017 -  жылдагы максаттары абдан чоң.

Өзбекстан 2017 – жылдагы программасынын негизинде бул жылы 4 миллиард 505 миллион долларлык чет элдик инвестицияны колдонууну максат кылууда. Өзбекстан министрлер кеңешинен берилген маалыматта өкмөттүн 2017 -  жылдагы инвестиция программасынын алкагында бул жылы өлкөдө ишке ашырыла турган 199 проекти үчүн 4 миллиард 505 миллион долларлык чет элдик инвестициянын колдонулушунун күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Маалыматта бул жылы 79 проекти үчүн өкмөттүн гарантиясы менен 1 миллиард 854 миллион долларлык чет элдик кредиттин колдонулушунун пландалгандыгы, 120 проектиде болсо 2 миллиард 651 миллион долларлык түздөн түз чет элдик инвестициянын өлкө экономикасына салым кошору белгиленди. Эң көп чет элдик инвестициянын энергетика секторуна салыншы максат кылынган маалыматта жалпы 37 энергетика проектиси үчүн 2 миллиард 470 миллион долларлык чет элдик инвестициянын күтүлүп жаткандыгы билдирилди.

Бул жылы Өзбекстанга эң көп инвестиция сала турган өлкөлөрдүн арасында Орусия биринчи орунду алып, орус капиталынын маанилүү бир бөлүгүнүн энергетика секторунда колдонулушу күтүлүүдө.

Орус Лукоил фирмасы Өзбекстандагы 2017  проектилери үчүн 1 миллиард 217 миллион долларлык инвестиция салууну күтүп жатса, башка бир орус жаратылыш газ фирмасы Газпром да 1,3 миллиард долларлык жаратылыш газ издөө, табуу жана иштетүү тууралуу иштерди аткарууну пландап жатат.

Өзбекстан өкмөтү 2017 – 2021 – жылдары Дүйнө банкы, Азия өнүгүү банкы жана Ислам өнүгүү банкы сыяктуу эл аралык финансы мекемелеринен жалпы 7, 7 миллиард доллар кредит колдонууну максат кылууда. Өкмөттүн маалыматтарына караганда 2016 -  жылы өлкө экономикасына жасалган чет элдик инвестиция мурунку бир жылга караганда 11, 3 пайыздык өсүү менен 3,7 миллиард доллар деп каттоого өткөн.

Кезекте Казакстандан кабарыбыз бар.

Нурсултан Назарбаев Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү.

Базель тынчтык бюросу Нурсултан Назарбаев менен Карипбек Куюковду Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөттү. 

Швейцариянын Базель шаарындагы Тынчтык жана энергетика изилдөөлөр институтунун директору Алин Варе  фейсбук аркылуу берген маалыматында «Ядролук куралды жокко чыгаруу аракеттери үчүн» Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди жана казак сүрөтчүсү Карипбек Куюковду Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөткөндүгүн билдирди. Аны англис саясатчы Билл Кидд да колдоп чыкты.

Кайрылууда  Назарбаевдин ядролук курасыздануу тууралуу абдан маанилүү чечимдерди чыгаргандыгы жана 22 жылдан бери ядросуз дүйнө үчүн иштерди алып баргандыгы да баса белгиленди.

Акыркы кабарыбыз Азербайжандан.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда 1926 -  жылы өткөрүлгөн Биринчи Түркология Курултайынын 90 жылдыгынан улам «Түркология илимий – маданий  кыймылда орток баалуулуктар»,- деген темада конференция өткөрүлдү.

Түркологдор 90 жылдан кийин Баку Түркология Курултайы өткөрүлгөн, ал учурларда Исмаилиййе фондуна таандык болгон, бүгүн болсо Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясынын башкаруу кеңеши  жайгашкан имартта жолугушту. Түркологдор 90 жылдан кийин Баку Түркология Курултайына Түркиядан катышкан делегациянын жетекчиси Түрк тил курумунун төрагасы, профессор Мустафа Качалин конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө ал учурда Баку Түркология Курултайында түрк дүйнөсүнүн  орток баалуулуктарынын талкуулангандыгын, бул талкуулардын бүгүн да улантылып жаткандыгын айтты. Өмүрүн түркчүлүк билимине атаган көптөгөн илимпоз менен өткөрүлгөн Курултайга 131 делегациянын катышкандыгын жана 17 жыйындын өткөрүлгөндүгүн эске салган Качалин бул илимпоздордун көпчүлүгүнүн кийинчерээк советтик башкаруу тарабынан кыйноо көрсөтүлүп жана сүргүнгө айдалгандыгын белгиледи.

Түрк тил курумунун Курултайдын протоколдорун басып чыгаргандыгын эске салган Качалин 1926 -  жылдагы Курултайдын түркчүлүк билими үчүн бурулуш жери болгондугун баса белгиледи.

Профессор доктор Ахмет Бижан Эржүласун болсо 90 жыл мурда болгон Курултай өткөрүлгөн имартта болуудан ыраазы экендигин айтты. 90 жыл мурда түрк дүйнөсүнүн социалдык илимдеринин бул имаратта талкуулангандыгын белгилеген Эржүласун түрк тилдүү өлкөлөрдүн баарынын биринчи болуп билимге баа бериши керектигин баса белгиледи.

1926 -  жылы 26 -  февралда болгон, 1 -  Баку Түркология Курултайында түрк дүйнөсүндө орток алфавит, адабий тил жана түркология темалары талкууланган. Курултайга Түркиядан профессор Фуад Көпрүлү менен Али Бей Хүсейинзаде катышкан.



Тектеш кабарлар