Казакстан менен Түркмөнстан транспорт коридорлорунун потенциалын жогорулатуу боюнча макулдашты

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов Казакстанда расмий жолугушууларды өткөрдү.

2237063
Казакстан менен Түркмөнстан транспорт коридорлорунун потенциалын жогорулатуу боюнча макулдашты

 

Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов Казакстанда расмий жолугушууларды өткөрдү.

Мередовду борбор шаар Астанада Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу тосуп алды.

Нуртлеу менен Мередов жекеме-жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү.

Казакстандын тышкы иштер министри Нуртлеу эки тараптуу карым-катнаштарды жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөндөрүн жарыялады.

Түркмөнстандын кошуна жана боордош өлкө экенин белгилеген Нуртлеу өзгөчө чек ара мамлекеттеринин түркмөн кесиптештери менен кызматташтыгын арттыруу маселесине токтолгондорун белгиледи.

Өлкөсүндө түркмөн капиталы менен 100гө жакын фирманын иш алып барганын белгилеген Нуртлеу, бул алкакта транзиттик коридорлордун потенциалын арттыруу боюнча макулдашкандарын билдирди.

Нуртлеу  «Казакстан-Түркмөнстан-Иран» багытындагы темир жол линиясынын стратегиялык маанисине өзгөчө басым жасагандарын, ошондой эле Кытай менен Ирандын ортосундагы өз өлкөлөрүнүн аймагынан өткөн темир жолдун өнүктүрүлүшү жана көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жанданышы тууралуу сүйлөшүшкөндөрүн белгиледи. 

Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов да Түркмөнстан менен Казакстандын ортосундагы саясий карым-катнашты арттыруу боюнча макулдашкандарын айтты.

Мередов, Арал маселеси боюнча да кеңешме өткөрүшкөндөрүн, казак кесиптеши менен бул алкакта орток иштерди улантуу боюнча макулдашкандарын белгиледи.

Мередов Казакстан менен энергетика, өзгөчө газ тармагында кызматташууну алдыга жылдырууга даяр экендиктерин айтып : "Каспий деңизинин чыгышында Транскаспий коридорун жана «Казакстан-Түркмөнстан-Иран» багытындагы темир жол линиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледик",- деди.



Тектеш кабарлар