Садыр Жапаров бийликке келгенден бери 4 жыл өттү

Жапаров саясатта канадалыктар иштеткен жана жалпы өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшү 22,5 пайызды түзгөн "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу боюнча позициясы менен таанылды.

2235184
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери  4 жыл өттү

2021-жылдын 28-январында Кыргызстандын президенти катары ант берген Садыр Жапаровдун 4 жылдык мөөнөтүндө коррупцияга каршы күрөшкө басым жасалып, Тажикстан менен чек ара маселеси чечилип, Фетуллахчы террор уюмуна (FETÖ) байланышы бар САПАТ окуу борбору жабылды.

2005-жылы депутат катары саясатка аралашып, 2010-жылы экинчи мөөнөткө шайлануу укугуна ээ болгон Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо 79,20 пайыз добуш менен шайлоодон утуп чыгып,төрт жылдык бийликти артта калтырды.

Жапаров саясатта канадалыктар иштеткен жана жалпы өнөр жай өндүрүшүндөгү үлүшү 22,5 пайызды түзгөн "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу боюнча позициясы менен таанылды.

2013-жылы "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн нааразылык акциясында "губернаторду барымтага алууну уюштурган" деп шектелген Жапаров 2017-жылы өлкөгө киргенде чек арадан кармалып, 11 жыл 6 ай абакка кесилген.

Өзүнө тагылган айыптарды четке каккан Жапаров 3,5 жылдай абакта отурган кездеапасы, атасы жана уулу каза болду.

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозициялык партиянын тарапкерлери 2021-жылдын 5-октябрында борбор шаарБишкектин “Ала-Тоо” аянтына чогулуп, көчөлөрдө башаламандык жараткан. Жапаров да бул убакта абактан бошотулду.

Нааразычылык акциялары уланып жаткан мезгилде “убактылуу” премьер-министр болуп дайындалган Жапаров 2021-жылдын 10-январында өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо 79,20 пайыз добуш мененКыргыз Республикасынын 6-президенти болду жана 2021 -жылдын28 -январында ант берип ишин баштады.

Парламенттик башкаруу системасынан президенттик башкарууга өтүү

Кыргызстанда 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген жаңы Конституция менен парламенттик башкаруу системасы президенттик башкарууга өткөн.

 



Тектеш кабарлар