Казакстандагы казуу иштери
Атрау губернаторлугунан берилген маалыматка караганда аймактагы «Карабау-2» коргонунда акыркы 2 жылдан бери археологиялык казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Казакстандын Каспий деңизинин жээгиндеги Атрау аймагында сармат дооруна таандык көрүстөндөрдө жүргүзүлгөн казуу иштеринин натыйжасында кылымдарга таандык экспонаттар табылды.
Атрау губернаторлугунан берилген маалыматка караганда аймактагы «Карабау-2» коргонунда акыркы 2 жылдан бери археологиялык казуу иштери жүргүзүлүүдө.
Коргондогу 9 көрүстөндүн 7синде адамдын сөөктөрү, ошондой эле биздин заманга чейинки 6-кылымдан биздин замандын 4-кылымына чейин аймакта жашаган көчмөн атчан эл болгон сарматтарга таандык зер буюмдар, курал-жарактар жана керамикалык идиштер табылды.
Казылган экспонаттар биринчи жолу Атрау аймактык жана тарыхый музейинде уюштурулган көргөзмөдө көрсөтүлдү.
Эки капталында тоо илбирси тартылган, салмагы болжол менен 370 граммды түзгөн алтын билерик келгендердин кызыгуусун жаратты.
Казак археологу Марат Касенов Атрау аймагы илимпоздор тарабынан бир кезде Сарматтар империясы башкарган аймак катары сыпатталганын жана муну археологиялык казуулар менен далилдегенин айтып: «Табылган байыркы экспонаттардын жалпы саны (сармат дооруна таандык) 1000гө жакын. Булардын 100гө жакыны алтын. Зер буюмдарда көбүнчө аймакта жашаган илбирс, каман жана жолборстордун сүрөттөрү бар.Акыркы аткарлыган казуу иштеринин натыйжасында табылган экспонаттардын арасында буга чейин өлкөдө эч болбогон жана абдан жакшы сакталган жыгачтан жасалган 2 чөйчөктү таптык",- деди.