Түндүк Кипр Түрк Республикасында эркиндик күрөшүнүн лидери Фазыл Күчүк эскерилди
Фазыл Күчүктү эскерүү аземи мүрзөсү орун алган борбор шаар Никосиядагы Аныттепеде өткөрүлдү.

Кипр түрк калкынын эркиндик үчүн күрөшүнүн лидери доктор Фазыл Күчүк өлүмүнүн 41 - жылында мүрзөсүндө уюштурулган азем менен эскерилди.
Фазыл Күчүктү эскерүү аземи мүрзөсү орун алган борбор шаар Лефкошадагы Аныттепеде өткөрүлдү.
Аземде сөз сүйлөгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Кандуу рождество сыяктуу кипрлик түрктөргө каршы бардык кол салуулар жана кыйын учурда Фазыл Күчүктүн эли менен бирге болгонуна көңүлдөрдү буруп : "Кипр түрктөрү кыйын күндөрдү доктор Фазыл Күчүк көрсөткөн лидерлик менен жеңди. Доктор Фазыл Күчүктүн жетекчилиги элибиз үчүн өтө маанилүү",- деди.
Татар Күчүктүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (1983) жарыяланышын көргөндүгүн эске салып : «Жаткан жери жайлуу болсун. Кипр түрк калкынын күрөшүнүн символу катары тарыхыбыздагы татыктуу ордун ар дайым сактайт",- деди.