Казакстанда жаңы ит породасы болгон «казак тайганынын» патенти алынды
Казак тайганы иттери ачкачылыкка жана аймактын суугуна чыдамдуу.

QazPatent компаниясы тарабынан берилген патент, Казакстан айыл чарба министрлигинин мамлекеттик комиссиясынын бекитүүсүнө негизделип берилди.
2021-2023-жылдары «казак тайганы» породасындагы иттер тууралуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, жеке ДНК профилдери түзүлдү.
2023 - жылы 2 - январда президент Касым Жомарт Токаев казак тайганы породасындагы итти мамлекеттин коргоосуна алуу тууралуу мыйзамга кол койгон.
Казак тайганы иттери ачкачылыкка жана аймактын суугуна чыдамдуу.
Өлкөдө жыл сайын аңчы иттер менен мелдештер өткөрүлөт.
Казакстанда аңчылык сезону ноябрда башталып, аба ырайына жараша январь, февраль айларына чейин созулат.
Ылдам жана күчтүү аңчы иттер менен коён, борсук, түлкүгө аңчылык кылууга болот.
Тайгандар аңчылык менен бирге ошондой эле мал багууда ээлеринин шериги болот.