Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчү президенти Рауф Бенкташ эскерилди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчү президенти Рауф Раиф Денкташ өлүмүнүн 13 -  жылында Лефкошада азем менен эскерилди.

2230156

Азем Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана Денкташ үй  -  бүлөсүнүн гүлчамбар коюусу, бир минуталык эскерүү жана улуттук гимндин коштоосунда желектердин жарым түшүрүлүшү менен башталды. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар аземде сүйлөгөн сөзүндө негиздөөчү президент Рауф Денкташты  өлүмүнүн  13 -  жылында ыраазычылык менен эскергендерин айтып, Рауф Денкташтын өмүрүн Кипр улуттук доосуна арнагандыгын эске салды. 

Татар азыркы учурда жүргүзүп жаткан эки мамлекеттүү саясатынын Денкташтын өздөрүнө калтырган керээз жана мурас экендигин белгилеп : "Ал калтырган керээзди эл аралык жамаат менен күн сайын бөлүшүп жатабыз. Кипрде келишим түзүлө турган болсо бул эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун негизинде болушу мүмкүн жана ушунун негизинде Кипр түрк калкы коомдук жашоосунун ишенимдүү колдор менен алдыга жылып бара жатат",- деди. 

Тектеш кабарлар