Хакан Фидан Түндүк Кипрде

Фидандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары эки күнгө созулат.

2228353
Хакан Фидан Түндүк Кипрде

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жолугушууларды өткөрүүдө.

Хакан Фиданды Лефкошада Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Тахсин Эртугрулоглу жана жетекчилер тосуп алышты.

Фидан менен Эртугрулоглу андан соң жыйын өткөрүштү. Жолугушууда эки тараптуу мамилелер талкууланды.

Алдыдагы айларда Кипр маселесине байланыштуу Швейцарияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин жетекчилигинде өткөрүлүшү пландалган расмий эмес жыйын боюнча пикир алмашылды.

Хакан Фидан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри Үнал Үстел жана президент Эрсин Татар менен да жолугушту.

Фидандын Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапары эки күнгө созулат.

Швейцарияда БУУнун баш катчысынын жетекчилигинде өткөрүлө турган жыйынга аралдагы эки лидер, Түркия жана Греция менен бирге төмөнкү деңгээлде өкүлдүк кыла турган үчүнчү кепил өлкө Британия да катышат.



Тектеш кабарлар