Казакстанда 95 унаа сүзүштү

«Астана-Щучинск» унаа жолунда катуу шамал жана коюу туман жол кырсыгына алып келди.

2226838
Казакстанда 95 унаа сүзүштү

Казакстанда аба ырайынын начардыгынан улам болгон жол кырсыгында 95 унаа зыян тартты.

Казакстандын Акмола облусундагы «Астана-Щучинск» унаа жолунда катуу шамал жана коюу туман жол кырсыгына алып келди.

Кырсык Астана-Петропавл унаа жолунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.28де катталды.

Щучинскти көздөй бара жаткан айрым айдоочулардын ылдамдык чегинен ашышынын себебинен болгон чынжырлуу кырсыкта 95 унаа зыян тартты.  

Кырсыктан каза болгондор жана жабыркаган адамдар катталган жок.



Тектеш кабарлар