Түрк делегациясы учак кырсыгын изилдейт
Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учураган Азербайжан аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагын изилдөө үчүн Түркиядан 8 кишилик делегация милдеттендирилди.

Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учураган Азербайжан аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагын изилдөө үчүн Түркиядан 8 кишилик делегация милдеттендирилди.
Азербайжандын талабы боюнча түзүлгөн түрк командасы 25 - декбарь күнү Баку - Грозный каттамы учурунда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учураган Азербайжан аба жолдорунун АЗАЛ жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашын изилдейт.
Каспий деңизи аркылуу "SOS" (шашылыш) сигналын берген учак андан кийин аргасыз конуу үчүн Казакстандын Актау аэропортуна чукул конууну каалаган.
Учакта 62 жүргүнчү менен 5 экипаж болгон.
Кырсыкта 38 кишинин каза болгондугу, 29 кишинин жаракат алгандыгы билдирилген.
Азербайжандык жетекчилер учактын орус "Pantsir-S" абадан коргонуу системасынын кол салуусуна дуушар болгондугун ырастаган.
Жүргүнчүлөр жана экипаждан 42 кишинин Азербайжан, 16 кишинин Россия, 6 кишинин Казакстан жана 3 кишинин Кыргызстан жараны экендиги маалымдалды.