Актауда 32 адам аман калды

Баку Гейдар Алиев эл аралык аэропортунда, Актаудагы учак кырсыгына байланыштуу маалымат жыйыны өткөрүлдү.

2224373
Актауда 32 адам аман калды

Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка учураган "Азербайжан аба жолдоруна" (AZAL) таандык жүргүнчү учагындагы 32 адамдын аман калганы билдирилди.

Баку Гейдар Алиев эл аралык аэропортунда, Актаудагы учак кырсыгына байланыштуу маалымат жыйыны өткөрүлдү.

Бакудан Грозныйга учуп бараткан жүргүнчү учагы куштардын үйүрү менен сүзүшкөндөн кийин тумандан улам Орусиянын Дагестан облусунун Махачкала шаарына багыт алганы кабарланган.

AZAL басма сөз катчысы Ферид Гусейновдун айтымында, учакта 5 экипаж мүчөсү жана 62си жүргүнчү 67 адам болгон.

Гусейнов жүргүнчүлөрдүн 37си Азербайжандын, 16сы Орусиянын, 6сы Казакстандын, 3ү Кыргызстандын жарандары экенин айтты.

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын жооптуу кызматкери Кенан Зейналов да алгачкы маалыматтарга караганда кырсыктан 32 кишинин аман калганын жана аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

Бир тараптан Азербайжан Президенттигинин билдирүүсүндө, президент Илхам Алиевдин учак кырсыгында көп сандаган кишинин каза болушу жана жаракат алышынан улам 26-декабрда (бүгүн) бир күндүк улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо чечимин чыгарганы белгиленди.

Ошондой эле Илхам Алиев Орусияга сапарын токтотту.

Алиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын бейрасмий саммитине катышуу үчүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарына бармак.

Ал арада Орусия Казакстандагы учак кырсыгында жаракат алган 9 орус жаранын аба жолу менен борбор шаар Москвага жеткирди.



Тектеш кабарлар