Азербайжан Сирия калкы туш болгон гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууга даяр
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Азербайжандын Сириядагы окуяларды байкап жаткандыгы жана ушул алкакта Түркия менен кеңешүүлөрдүн жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
![Азербайжан Сирия калкы туш болгон гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууга даяр](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/512a/e9d3/2e0c/669626a7bb3fa.jpg?time=1737173083)
Азербайжан Түркия жана башка бир пикирдеги өнөктөштөрү менен бирге Сирия калкы туш болгон гуманитардык көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошууга даяр экенин билдирди.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Азербайжандын Сириядагы окуяларды байкап жаткандыгы жана ушул алкакта Түркия менен кеңешүүлөрдүн жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Билдирүүдө Башар Асад режими кулатылгандан кийин Сирияда тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы, ички кагылышууларга чекит коюлушу керектиги белгиленди.
Азербайжандын Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдогону баса белгиленген билдирүүдө : "Азербайджан көйгөйлөрдүн Сирия элинин эркинин негизинде жана ички саясий диалог аркылуу чечилерин ойлоп жатат. Азербайжан боордош Түркия жана башка бирдей пикирдеги өнөктөштөрү менен бирге сириялыктар туш болгон гуманитардык көйгөйлөрдү жоюуга салым кошууга даяр",- деп айтылды.
Сирияда Азербайжандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жок болгонуна карабастан бул өлкөдөгү Азербайжан жарандарынын санын жана турган жерин аныктоо үчүн иштердин аткарылып жатканы ортого салынып, жарандарын мекенине кайтаруу процессинин Түркия аркылуу жүрүп жатканы белгиленди.
Билдирүүдө келерки процессте абалдын турукташтырылышы менен Азербайжан-Сирия карым-катнаштарын келечекте кайрадан түзүлүшүнөн үмүт кылынганы белгиленди.
Сирияда 61 жылдык Баас режими жекшемби күнү кулап, бийликтен кулатылган лидер Башар Асад өлкөсүнөн качып кетти.