Россиянын президенти Путин Казакстанда

Расмий сапар менен борбор шаар Астанага барган Путинди Токаев Акорда президенттик сарайында салтанат менен тосуп алды.

2214658
Россиянын президенти Путин Казакстанда

Казакстандын президенти Касым - Жомарт Токаев менен Россиянын президенти Владимир Путин “жаңы глобалдык тартиптин шарттарында стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү” тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Расмий сапар менен борбор шаар Астанага барган Путинди Токаев Акорда президенттик сарайында салтанат менен тосуп алды.

Токаев жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Россияны “ишенимдүү стратегиялык өнөктөш жана союздашы” катары мүнөздөдү.

Путин да Казакстанды "ишенимдүү дос жана эң жакын өнөктөш" деп мүнөздөдү.

Жолугушуулардан кийин Токаев менен Путин Казакстан менен Россиянын “жаңы глобалдык тартиптин шарттарында стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү” боюнча биргелешкен декларациясына кол коюшту.

Токаев кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сүйлөшүүлөрдүн ачык жана жыйынтыкка багытталганын белгилеп : «Стратегиялык өнөктөштүгүбүздүн келечектүү багыттарын аныктадык»,-деди. 

Токаев сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы экономика болгонун айтты.

Эки өлкөнүн өз ара карым  - катнашы болбогон тармактын жок экенин айткан Токаев Казакстан менен Россиянын ортосунда талаштуу маселенин жок экенин белгиледи.

Путин болсо кол коюлган биргелешкен декларациянын эки өлкөнүн өкмөттөрүнө чоң милдеттерди жүктөгөндүгүн айтты.

Путин Казакстан менен тынчтык максатында өзөктүк изилдөө тармагында кызматташтыктын алга жылганын, транспорт жана космос тармагында орток долбоорлорду ишке киргизгендерин билдирди.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда энергетика, бажы, саламаттыкты сактоо, туризм, билим берүү, укук, курулуш, экология, транспорт жана логистика сыяктуу көптөгөн тармактарда 20 кызматташтык келишимине кол коюлду.



Тектеш кабарлар