ТКТРде катуу бороон...
Баш калаа Левкоша баш болгон бардык шаарларды каптаган катуу шамалдан улам бак-дарактар кулап, чатырлар жана такталар учуп кетти, кээ бир аймактарда мамылардын жана зымдардын үзүлүшүнөн улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) кечээ эртең менен башталган катуу бороон өлкөнүн бардык аймагында жашоого терс таасирин тийгизүүдө.
Баш калаа Левкоша баш болгон бардык шаарларды каптаган катуу шамалдан улам бак-дарактар кулап, чатырлар жана такталар учуп кетти, кээ бир аймактарда мамылардын жана зымдардын үзүлүшүнөн улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Текнежик Трансформатор борборунда бороон-чапкындан улам иштебей жаткандыктан эртең мененки сааттардан бери Гирне шаарындагы көптөгөн аймактарга электр энергиясы бериле элек.
Гүзелйурт жана Искеле шаарларында катуу шамалдан улам кээ бир дыйканчылык аймактар, өзгөчө күнөсканалар зыянга учурады.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Метеорология башкармалыгы эскертүү берип, катуу бороондон улам жарандардын этият болуусун суранды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Айыл чарба жана жаратылыш ресурстары министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аба ырайынын катаал шарттарынан улам бардык айыл чарба өндүрүш тармактарында, өзгөчө күнөсканаларда, баш калкалоочу жайларда жана балыкчыларда олуттуу зыянга учуратканы баса белгиленип, жагымсыз аба ырайы бир азга чейин улана тургандыктан, али өтө электиги эскертилди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар да жазуу түрүндөгү билдирүү жасап, Жарандык коргонуунун президенти жана полициянын башкы директору менен тынымсыз кеңешип жатканын белгилеп, шамалдын катуулугунан улам жарандарды зарылчылык болбосо үйлөрүнөн чыкпоо боюнча эскертти.