Казакстанда аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыздоо үчүн шашылыш буйрук берилди

Бул тууралуу президенттиктин басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.

2212658
Казакстанда аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыздоо үчүн шашылыш буйрук берилди

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Россия  -  Украина  чыңалуусунун күч алышы менен өлкөсүндөгү маанилүү аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чукул чараларды көрүүнү тапшырды.

Президенттин басма сөз катчысы Берик Уали Фейсбуктагы баракчасынан берген билдирүүсүндө  президент Токаевдин  Украинанын айланасында чыңалуунун күч алышынан улам премьер-министр, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч түзүмдөрүнө жана  губернаторлорго маанилүү аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырганын билдирди. 
Уали парламенттеги палата башчыларына да көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилгенин жана өлкөдөгү кырдаалдын президенттин жеке көзөмөлүндө экендигин белгилеп : «Мамлекетибиздин негизги стратегиялык максаты – туруктуулукту, тынчтыкты жана тартипти түзүү.  Казакстан эки славян элинин (Россия - Украина) ортосундагы согуштук аракеттерди сүйлөшүү жолу менен токтотууну көптөгөн жолу жактады",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар