COP29 Бакуда башталды

11-22-ноябрь аралыгында өтө турган конференциянын ачылышы болду.

2208944
COP29 Бакуда башталды

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) тараптарынын 29-конференциясы (COP29) Азербайжандын борбору Бакуда башталды.

11-22-ноябрь аралыгында өтө турган конференциянын ачылышына COP28дин төрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Климаттын өзгөрүүсү боюнча атайын өкүлү жана өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министри Султан Ахмед аль-Жабер, COP29дун төрагасы Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев менен БУУнун UNFCCC аткаруучу катчысы Саймон Стиэлл катышты.

Иш-чарада Жабер COPтун төрагалыгын Бабаевге тапшырды.

12 күнгө созула турган COP29дун алкагында эртең жана 13-ноябрда 100гө жакын өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда Дүйнөлүк Лидерлердин Климат саммити (WLCAS) өткөрүлөт.

Саммитке президент Режеп Таййип Эрдоган да катышат.



Тектеш кабарлар