COP29 11-22-ноябрда Бакуда өтөт
100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган саммитке президент Режеп Таййип Эрдоган да катышат.
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) Тараптарынын 29-конференциясы (COP29) быйыл 11-22-ноябрда Азербайжандын борбору Бакуда өтөт.
12 күнгө созула турган конференциянын алгачкы эки күнүндө мамлекет башчыларынын саммити болот.
100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катыша турган саммитке президент Режеп Таййип Эрдоган да катышат.
Дүйнөнү эң көп булгаган жана глобалдык жылуулукка жооптуу деп эсептелген эки өлкөнүн б.а АКШ менен Кытайдын лидерлери мамлекет башчылары деңгээлиндеги саммитке катышпайт.
COP29дун негизги күн тартибин, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон каржылоону камсыз кылуу түзөт.
Катышуучулар ошондой эле кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугу жана энергиянын натыйжалуулугу иш-аракеттерин талкуулашат.
Иш-чарада президенттин жубайы Эмине Эрдогандын демилгелери менен башталган Нөл калдык долбоору үчүн стенд да ачылат.
Стендде таштандыларды башкаруу, кайра иштетүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлор таанытылат.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.