Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө
Түркия, Орусия жана Ирандын кепилдигинде өткөрүлгөн Сирия боюнча 22-Астана жолугушуулары Казакстандын борбор шаары Астанада башталды.
Түркия, Орусия жана Ирандын кепилдигинде өткөрүлгөн Сирия боюнча 22-Астана жолугушуулары Казакстандын борбор шаары Астанада башталды.
Сүйлөшүүлөр эки күнгө созулат.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө делегациялардын ортосунда эки тараптуу жана үч тараптуу кеңешме жолугушуулары өткөрүлөт. Экинчи күнү биргелешкен жыйын болуп, маалымат жыйыны өткөрүлөт.
Сирия кризисинин чечилиши үчүн өткөрүлгөн 22-Астана сүйлөшүүлөрүндө Сириянын айланасындагы аймактык абал, өлкөдө кеңири чечүүчү жол табуу аракеттери, өлкөдөгү гуманитардык жана учурдагы абал, тараптардын ортосундагы ишенимди орнотуу чаралары, Сириянын кайра курулушу жана сириялык качкындардын мекенине кайтып келүү шарттары талкууланат.
Акыркы жолу Астана кепилдери үстүбүздөгү жылдын 24-25-январында Казакстандын борбору Астанада жолугушкан.