Сирия тууралуу Астана сүйлөшүүлөрү Казакстанда өткөрүлөт

11 - 12 - ноябрь күндөрү Казакстандын борбор шаары Астанада Түркия, Россия жана Ирандын кепилдиги астында Сирия боюнча 22 - Астана жыйыны өткөрүлөт.

2208352
Сирия тууралуу Астана сүйлөшүүлөрү Казакстанда өткөрүлөт

11 - 12 - ноябрь күндөрү Казакстандын борбор шаары Астанада Түркия, Россия жана Ирандын кепилдиги астында Сирия тууралуу  22 - Астана жыйыны өткөрүлөт.

Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүндө делегациялар ортосунда эки тараптуу жана үч тараптуу кеңешме жыйыны өткөрүлөт. Экинчи күнү биргелешкен отурум жана маалымат жыйыны өткөрүлөт.
Сирия кризисин чечүү максатында түзүлгөн Астана сүйлөшүүлөрүнүн 22-жолугушуусунда Сириянын айланасындагы аймактык абал, өлкөдө ар тараптуу чечимге багытталган аракеттер, өлкөдөгү гуманитардык жана учурдагы абал, тараптардын ортосундагы ишенимди жогорулатуучу чаралар, Сирияны кайра куруу жана Сириялык качкындардын мекенине кайтуу шарттары сыяктуу маселелер каралат.
Акыркы жолу Астана кепилдери быйылкы жылдын 24-25-январында Казакстандын борбору Астанада жолугушкан.



Тектеш кабарлар