Бүгүн Азербайжанда Мамлекеттик туу күнү
Өлкөдө 2009 - жылы 9 - ноябрь күнү президенттин жарлыгы менен “Мамлекеттик туу күнү” жана расмий эс алуу күнү деп жарыяланды.
Азербайжанда Мамлекеттик туу күнү майрамдалууда.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев социалдык медиа баракчаларынан билдирүү жарыялап, элди Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.
Биринчи вице - президент Михрибан Алиева да Мамлекеттик туу күнүнө карата социалдык тармактардагы баракчаларында билдирүү жарыялады.
Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин социалдык медиа эсептеринен : «Азербайжан Республикасынын көз карандысыздыгынын жана эгемендигинин символу болгон жана азербайжан элин эркиндиктин, улуттук жана руханий баалуулуктардын айланасында бириктирген үч түстүү желегибиздин ар дайым бийиктен желбирешин каалайбыз»,- деп айтылды.
Азербайжандын желеги Азербайжан Республикасынын өкмөтүнүн 1918 - жылдын 9 - ноябрындагы жыйынында кабыл алынган.
Советтер союзу урагандан кийин эгемендикке жетишкен Азербайжан республика мезгилинде кабыл алынган желекти 1991 - жылы кайрадан мамлекеттик желек катары кабыл алды.
Өлкөдө 2009 - жылы 9 - ноябрь күнү президенттин жарлыгы менен “Мамлекеттик туу күнү” жана расмий эс алуу күнү деп жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.