Бакудагы Желек аянтында желбиреген желек Гиннес рекорддор китебине кирди
Каспий деңизинин жээгинде 191 метрлик мамыда желбиреп турган желекти Бакунун бир топ жеринен көрүүгө болот.
2208412
Азербайжандын борбор шаары Бакудагы Желек аянтында желбиреген желек Гиннес рекорддор китебине кирди.
Желек аянтынын жаңыланышынан кийин кечээ президент Илхам Алиев тарабынан көтөрүлгөн Азербайжан желеги чоңдугу жагынан «эң чоң желек» катары Гиннес рекорддор китебине жазылды.
Туурасы 36 метр, узуну 72 метр, салмагы 500 килограммдан ашкан желек 2 жумада 6 бычмачы тарабынан даярдалган.
Каспий деңизинин жээгинде 191 метрлик мамыда желбиреп турган желекти Бакунун бир топ жеринен көрүүгө болот.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.