ТМУнун Бишкек декларациясы
ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев журналисттерге билдирүү жасады.
Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин (ТМУ) 11-саммитинин Бишкек декларациясы жарыяланды.
ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев «Ынтымак Ордо» Президенттик сарайында журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, TМУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген темада өткөнүн айтты.
Казакстан Республикасы тарабынан «Түрк доору» урааны менен ишке ашырылган ТМУнун кезектешкен төрагалыгы ийгиликтүү аяктаганын белгилеген Өмүралиев, кезектеги төрагалыкты өткөрүп алган Кыргызстанга ийгилик каалады. Өмүралиев өлкө жетекчилери, тышкы иштер министрлери жана тиешелүү министрликтер Түрк кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган 16 келишимге, чечимдерге жана протоколдорго кол коюшканын, ушул алкакта Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммитинин Бишкек декларациясына кол коюлганын белгиледи.
Декларацияда TМУнун жаңы желеги кабыл алынганы, 2025-жылы TМУнун расмий эмес саммитин Венгриянын өткөрүүсүнө, TМУнун Жарандык коргонуу механизминин түзүлүүсүнө, Жашыл каржы боюнча Түрк Кеңешинин (TYFK) түзүлүүсүнө, Түрк дүйнөсүнүн идеалдарын коргоону жана бекемдөөнү максат кылган Түрк дүйнөсүнүн хартиясынын бекитилишине жана Бишкекте жайгашкан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Кызыл Жарым Ай коомдорунун ортосунда Түрк Кызыл Тармагынын түзүлүүсүнө чечим чыгарылганы айтылды.
Декларацияда Бишкекке 2025-жылы Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамы берилгени жана Түрк дүйнөсүнүн жаңы уставы менен TМУнун Туруктуу Өкүлдөр жобосу кабыл алынганы маалымдалды.
Декларацияда Түрк Мамлекеттер Уюмунун Борбордук банктар кеңешинин түзүлүшү жана санариптик экономика тармагында кызматташтык түзүлө турганы баса белгиленип, космостук ишмердүүлүк жаатында кызматташууну көздөгөн космостук иш-аракеттерге байланыштуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана Түрк мамлекеттер уюмунун жалпы тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлганы айтылды.
Газадагы жана Ливандагы абалга көңүл бурулду
Газадагы гуманитардык кырдаалга карата терең тынчсызданууга көңүл бурулген декларацияда, карапайым калкты туш келди бутага алуу айыпталып, эл аралык укукка, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык чукул жана туруктуу ок атышпоо зарылчылыгы баса белгиленди.
Декларацияда Газага гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилиши жана эки мамлекеттүү чечимдин негизинде Израиль-Палестина жаңжалына адилеттүү жана туруктуу чечим табуу чакырыгы салынды.
Ливанда ок атышууну дароо токтотууга чакырылган декларацияда, Ливандагы Бириккен Улуттар Уюмунун убактылуу тынчтык күчтөрүнө карай атайылап жасалган чабуулдарга терең тынчсыздануу билдирилди.