Токаев : "Түрк Мамлекеттери Уюмунун биримдиги дагы да бекемдейт"

Касым Жомарт Токаев Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын  11 - саммитинде сөз сүйлөдү.

2207415
Токаев : "Түрк Мамлекеттери Уюмунун биримдиги дагы да бекемдейт"

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев бүгүнкү саммиттин Түрк Мамлекеттер Уюмунун  биримдигин дагы да бекемделе  турганын айтты.

Токаев Кыргызстандын борбору Бишкекте өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын  11-саммитинде сөз сүйлөдү.

Токаев саммиттин Түрк Мамлекеттер Уюмунун биримдигин дагы да бекемдей турганына ишене тургандыгын билдирип :  "Түрк Мамлекеттери Уюму кыска убакыттын ичинде кадыр-барктуу уюмга айланды. Дүйнөдөгү ролу күчөдү. Бул биримдигибиздин жана орток күчүбүздүн ийгилиги",-  деди.

Касым Жомерт Токаев : "Акыркы 10 жылда Түрк Мамлекеттер Уюмуна  мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык карым - катнаштар күчөдү. Соода көлөмүбүз 45 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүчтү дагы да арттыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар",- деди.

Казак президенти финансылык инвестиция тармагында кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Түркиянын Борбордук банктар кеңешин түзүү боюнча мүчө өлкөлөрдүн демилгелери колдоого алынганын белгиледи.

Түрк цивилизацияларынын кайра жаралуусунда адам ресурстарынын чоң ролуна токтолгон Токаев, бул контекстте таланттуу жаштардын дараметин ачуу үчүн изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн суранды.

Токаев өткөн жылы Астанада өткөн Саммитте Tүрк Мамлекеттери Уюмуна  мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы университеттеринин филиалдарын ачуу сунушталганын эске салып, мунун алкагында Түркиянын Гази университетинин филиалы Казакстанда ачылгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар