Садыр Жапаров Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде сөз сүйлөдү
«Түрк дүйнөсүн бекемдөө: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бары үчүн коопсуздук» деген темада өткөн саммит «Ынтымак Ордо» президенттик сарайында өттү.
Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 11 - саммити Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү.
«Түрк дүйнөсүн бекемдөө: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бары үчүн коопсуздук» деген темада өткөн саммит «Ынтымак Ордо» президенттик сарайында өттү.
Садыр Жапаров бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түрк Мамлекеттери Уюмунун кезектешкен башкаруучулугу Казакстандан Кыргызстанга өткөндүгүн айтып : "Түрк Мамлекеттери Уюмунун кезектешкен башкаруучулугун кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык»,-деди.
Жапаров Түрк Мамлекеттери Уюмунун кезектешкен башкаруучулугун "Түрк дүйнөсүн күчтөндүрүү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана баары үчүн коопсуздук» деген ураан менен аткара тургандарын белгилеп, оболу «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040», «Түрк Мамлекеттер Уюмунун 2022 - 2026 стратегиясы» программасы жана уюмдун башка стратегиялык документтерине басым жасала тургандыгын айтты.
Кыргызстандын экономикалык кызматташтыкка өзгөчө маани берерин баса белгилеген Жапаров эл аралык демилгелердин кубатталышы, экономиканын стратегиялык тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу жаатында биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин баса белгиледи.
Садыр Жапаров Бишкекке 2025 - жылы түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамын берүү үчүн көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын Түрк Мамлекеттери Уюмунун алкагында санариптик интеграция процессин тездетүүнү максат кылганын белгилеген Жапаров бул максаттарга жетүү үчүн санариптик стандарттарды жана сертификаттарды өз ара таанууга, ошондой эле электрондук сооданы, транспорттук жана логистикалык процедураларды жөнөкөйлөтүүгө басым жасай турганын билдирди.
Жапаров кезектешкен башкаруучулук учурунда климаттык өзгөрүү жана экологиянын булганышы менен байланыштуу көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө өлкөлөр менен орток чаралардын кабыл алынышы үчүн иштешерин белгиледи.
Израилдин Палестинага кол салууларына токтолгон Садыр Жапаров : «Палестинада күн сайын аялдар менен балдардын өлтүрүлүшү жана жарандардын оор материалдык жана моралдык кыйынчылыкка дуушар болушу кабыл алынгыс. Биз Израилди эл аралык укукка, гуманитардык нормаларга баш ийүүгө жана жардамга муктаж Палестина элине гуманитардык жардам жеткирүүдөгү тоскоолдуктарды жоюга чакырабыз»,-деди.
Жапаров Израиль - Палестина кагылышуусун жөнгө салуу үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдогондорун айтып : "Палестина элинин өз тагдырын өзү чечүүгө, өз мамлекетин түзүүгө жана БУУга толук кандуу мүчө болуу укугун тааныйбыз жана колдойбуз»,-деди.
Түрк МамлекеттериУюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиеев, байкоочу өлкө Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түндүк Түрк Республикасы президенти Эрсин татар жана Түркмөнстандын Бишкектеги элчиси Нури Голлиев катышты.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.