Министр Фидан Бишкекте ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Жыйындын алдында журналисттерге билдирүү жасаган ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев бүгүн Кыргызстандын борбору Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтөөрүн айтты.

2207004
Министр Фидан Бишкекте ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты
hakan fidan tdt disisleri bakanlari toplantisi.jpg
hakan fidan tdt disisleri bakanlari toplantisi.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү.

Жыйынга мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, байкоочу өлкө статусундагы Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сиярто жана ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.

Жыйындын алдында журналисттерге билдирүү жасаган ТМУнун башкы катчысы Өмүралиев бүгүн Кыргызстандын борбору Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтөөрүн, саммиттин темасы «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» болорун айтты.

Өмүралиев белгилегендей, саммиттин жыйынтыгында 100дөн ашун теманы камтыган Бишкек декларациясына кол коюлат.

Тышкы иштер министри Кулубаев да ТМУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдү кызыктырган жашыл экономика боюнча жол картасынын да кабыл алынаарын билдирди.



Тектеш кабарлар