Эрдоган менен Жапаров биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү
Эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият сыяктуу көптөгөн тармактарда 19 келишимге кол коюлду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түрк дүйнөсү катары Газадагы адамдык трагедияга каршы күчтүү позицияда болушубуз керек»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинен улам барган Кыргызстанда кесиптеши Садыр Жапаров менен эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.
Эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият сыяктуу көптөгөн тармактарда 19 келишимге кол коюлганын, (Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги) ТИКА тарабынан Бишкекте курулган жана жабдылган Кыргыз-Түрк Достугу мамлекеттик ооруканасын ачкандарын айткан Эрдоган: «Боордош кыргыз элинин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн аракетибизди чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.
Президент Жапаров менен глобалдык жана аймактык темаларда пикир алмашкандарын белгилеген Эрдоган: «Газа баш болгон басылып алынган Палестина жерлериндеги жана Ливандагы Израилдин мыкаачылыктары сүйлөшүүлөрүбүздүн негизги күн тартип беренелеринин арасында болду. Түрк дүйнөсү катары Газадагы адамдык трагедияга каршы күчтүү позицияда болушубуз керек»,-деп айтты.
Ал арада Кыргызстандын президенти Жапаров президент Эрдоганга «Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн» биринчи даражадагы «Манас» орденин тапшырды.
Тектеш кабарлар
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.