Эрдоган лидерлерге эстелик монеталарын тапшырды

Эрдоган борбор калаа Бишкектеги саммитте сөз сүйлөдү.

2207310
Эрдоган лидерлерге эстелик монеталарын тапшырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргызстанда өткөрүлгөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 11-саммитинде, Түрк дүйнөсүнүн улуу интеллигенти Исмаил Гаспыралынын элесине басылган эстелик монеталарын лидерлерге тапшырды.  

Борбор калаа Бишкектеги Президенттик комплексте өткөрүлгөн саммитте сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, өлкөлөр ортосунда дагы күчтүү карым-катнаштарды түзүүнү жана орток келечекти курууну максат кылган уюмдун 15 жылдыгынын өткөн айда белгиленгенин эске салды.

Эрдоган бул юбилейге карата Түрк дүйнөсүнүн улуу интеллигенти Исмаил Гаспыралынын «тилде, пикирде, иште биримдик» ураанына орун берилген эстелик монеталарын белек кылганына кубанычта экенин айтты.

Эрдоган, Түркияда даярдалган эстелик монеталарын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедов, ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырымга тапшырды.

Монета 2,5 түрк лирасын түзөт жана коло металлдан өндүрүлдү. Чектелген сандагы монетанын дизайнын Текин Гүлбасар жасаган.

 



Тектеш кабарлар