Жапаров: "Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш"
Жапаров Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынында сөз сүйлөдү.
![Жапаров: "Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш"](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8c85/f321/03aa/6729facc0cd37.jpg?time=1734058717)
![erdogan-caparov manas nisani takdimi.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1b6f/f546/d6a6/6729e04e626ec.jpg?time=1734058717)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркиянын Кыргызстан үчүн бир тууган жана стратегиялык өнөктөш өлкө экенин айтты.
Кыргызстандын президенти Жапаров, борбор калаа Бишкекте президент Режеп Таййип Эрдогандын тең төрагалыгында өткөрүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтыктын алтынчы жыйынында сөз сүйлөдү.
Түркиянын Кыргызстан үчүн бир тууган жана стратегиялык өнөктөш өлкө экенине басым жасаган Жапаров: «Эки өлкөнүн жана эки элдин орток келечегине ишенем»,-деди.
Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын деңгээлине канааттанганын баса белгилеген Жапаров, түрк фирмаларынан өлкөдөгү чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууларын суранды.
Жапаров, дүйнөдөгү окуяларга жараша транспорт жана логистика темаларынын маанисинин жогорулаганын айтып, Түркияга жете турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырышкандарын түшүндүрдү.
Түркиянын медициналык буюмдарды жана жогорку сапаттагы дары-дармектерди чыгарууда дүйнөдө лидер экенин билдирген Жапаров, Кыргызстанда дары-дармек чыгаруучу завод курулуусун өтүндү.
Кыргызстандын президенти Жапаров Анкара-Бишкек-Анкара аба каттамдары башталганын эске салып, Кыргызстанда Түркиянын маданият күндөрүн өткөрүүнү сунуштады.
Тектеш кабарлар
![Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d0c0/161b/a013/636a603c42e33.jpg?time=1734058717)
Жапаров: «Ооганстанды бүткүл дүйнөдөн обочолонтуу менен көйгөйдү чечүүгө болбойт»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров менен Ооганстан тууралуу маек.