Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 11-саммити

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 11-саммити Кыргыз Республикасынын борбору Бишкекте өтөт.

2205531
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 11-саммити

2024-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өтүүчү Саммитке Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын Президенттери, ошондой эле Саммитке ТМУга байкоочу мамлекеттеринин мамлекет/өкмөт башчылары жана ТМУнун Башкы катчысы да катышат.

“Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” деген ураан менен өтө турган Саммит Уюмдун ар тараптуу күн тартиби боюнча жогорку деңгээлдеги талкуулор үчүн маанилүү аянтчаны түзөт.

Лидерлер негизги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, келишимдерге кол коюшат жана экономика, соода, санариптик трансформация, транспорт жана коопсуздук тармактарындагы ТМУнун долбоорлоруна байланыштуу расмий документтерди бекитишет. Ошондой эле күн тартибинин алкагында мүчө жана байкоочу мамлекеттер арасында ар түрдүү тармактардагы көп тараптуу кызматташтыгына басым жасоо менен аймактык жана аймактан тышкаркы саясий жана экономикалык окуяларды талкуулор каралат. Лидерлер түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана прогрессин мындан ары да чыңдоо үчүн орток кыйынчылыктар менен күрөшүү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча пикир алмашышат. Саммиттин аякташы менен төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт. Жабылыш аземинде мамлекет башчылары Бишкек декларациясына жана айрым маанилүү документтерге кол коюшат. Саммиттин алдында ТМУнун Тышкы иштер министрлер кеңеши Бишкекте чогулуп, күн тартибиндеги маселелерди жана мамлекет башчылары кол кое турган документтерди жыйынтыкташмакчы.

Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгы



Тектеш кабарлар