Кыргызстанда 8-түрк тасмаларынын жумалыгы башталды
Кино жумалыгы Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин салымы жана «Жергиликтүү ой-пикир» коомунун координациясы менен уюштурулду.
Борбор калаа Бишкекте өтүп жаткан 8-Түрк тасмаларынын жумалыгы «Дем ал: Жер минус эки» тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды.
Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин салымы жана «Жергиликтүү ой-пикир» коомунун координациясы менен уюштурулган кино жумалыгынын ачылышы Бишкек Парк соода борборунда болду.
Ачылышка Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, Жергиликтүү ой-пикир коомунун төрагасы Метин Гүндогду, Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору Өнер Кылыч, өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, түрк жана кыргыз кино дүйнөсүнөн режиссерлор жана актёрлор катышты.
Иш-чарага Түркиядан продюсер Мустафа Жихат Дурмуш, режиссерлор Мустафа Угур Ягжыоглу жана Эмре Кавук, актёрлор Бестемсу Өздемир, Латиф Кору, Тугба Докузлар, Аслыхан Каралар, Ягыз Жан Коньялы жана Ясин Чам катышты.
Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Бишкектеги элчиси Доган түрк режиссёрлорунун жана артисттеринин Кыргызстанга келишине канааттангандыгын билдирди.
Кино сүйүүчүлөргө кино жумалыгын толук көрүүнү сунуштаган Доган кино өнөрүнүн эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык көпүрөсү экенин айтты.
«Жергиликтүү ой-пикир» коомунун төрагасы Гүндогду, кино сүйүүчүлөрдүн беш күн бою беш түрк тасмасын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болоорун айтты.
Гүндогду 8-Түрк тасмалары жумалыгында «Рафадан Тайфа 4 – Хайриматор» анимациялык тасмасынан тышкары «Ан», «Эртең жакшыраак», «Хаятла Барыш» жана «Дем ал: Жер минус эки/ Нефес Йер Экси Ики» тасмаларынын да көрсөтүлө турганын түшүндүрдү.
Кыргызстандын Маданият, маалымат,жаштар жана спорт министрлигине караштуу Кино департаментинин директорунун орун басары Маратбек Асаналиев быйыл 8-ирет өткөрүлгөн Түрк кино жумалыгы түрк тарыхын жана маданиятын таанып-билүүгө чоң салым кошоорун баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда сахнага түрк продюсерлери жана актёрлору чакырылып, биринин артынан бирине ардак такталар тапшырылып, актёрлорго кыргыздын улуттук кийимдери кийгизилип, белектер берилди.