Туран: «Түркмөндөргө карай террордук кол салуулар жумуш орундарына жана базарларга чейин жетти»

Хасан Туран басма сөзгө берген маалыматында ПККнын Керкүктө түркмөндөргө карай кол салууларынын акыркы бир айда күчөгөнүн белгилеп, Ирактын премьер-министри Мухаммед Шийа аль-Суданинин «Керкүктүн коопсуздук делосуна» кийлигишүүсүн суранды.

2200634
Туран: «Түркмөндөргө карай террордук кол салуулар жумуш орундарына жана базарларга чейин жетти»

Ирак Түркмөн фронтунун төрагасы Хасан Туран, Ирактын түркмөндөр жыш жашаган Керкүк шаарына жайгашып алган террордук уюм ПККнын бул шаарда «бейөкмөт уюм аты менен» ачыктан-ачык иш жүргүзүп жатканын айтты.

Хасан Туран басма сөзгө берген маалыматында ПККнын Керкүктө түркмөндөргө карай кол салууларынын акыркы бир айда күчөгөнүн белгилеп, Ирактын премьер-министри Мухаммед Шийа аль-Суданинин «Керкүктүн коопсуздук делосуна» кийлигишүүсүн суранды.

Ирак өкмөтүнүн түркмөндөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул кадамдарды таштоосу керектигин баса белгилеген Туран, түркмөндөргө карай террордук кол салуулардын жумуш орундарына жана базарларга чейин жеткенин белгиледи.

Туран ПККнын Керкүктө уюштуруу иштерин ачык түрдө уюштура баштаганын белгилеп: «Ирак өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө жана экспертизалардын натыйжасында акыркы бир жылда Керкүктө болгон окуялардын террордук уюм ПКК жана ага көмөктөшкөн кээ бир саясий партиялар тарабынан жасалганы аныкталды»,-деп айтты.

Туран 5-октябрда түркмөн жооптуусу Сайгын Хасероглуна кол салууга террордук уюм мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп ойлогондорун белгилеп, премьер-министр Суданиден бул окуяга байланыштуу иликтөөнү жакындан байкоосун суранды.

«Керкүктө федералдык өкмөткө тиешеси жок күчтөр бар экенин көрсөтө баштады. Багдад өкмөтү бүт Керкүктүн коопсуздугун кайра карап чыгышы керек»,-деп айткан Туран террористтерге мейкиндик жараткан бул күчтөрдүн тез арада шаардан чыгарылышын талап кылды.



Тектеш кабарлар