Татар: «ТКТРны таанууга убакыт келди»

Президент Эрсин Татар 15-октябрда Рум бөлүгүнүн лидери Никос Христодулидис менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында жолугушат.

2198520
Татар: «ТКТРны таанууга убакыт келди»

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар, Румдар менен сүйлөшүүлөрдүн шарттарынын ачык экенин, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендиги жана тең укуктуулугунун катталышы керектигин айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар 15-октябрда Рум бөлүгүнүн лидери Никос Христодулидис менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында жолугушат.

Жолугушуу, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш тарабынан берилген кечки тамакта ишке ашат.

Эрсин Татар аралдан жөнөөр алдында билдирүү жасады.

Рум тарап менен сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун шарттарын билдирген Эрсин Татар, алардын улуттук саясатынын аралдагы «эгемендик теңдик жана бирдей эл аралык статус» экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар