Казакстанда атомдук станция боюнча референдум өтүүдө
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча өткөрүлгөн референдумда добуш берүү башталды.
Казакстандыктар өлкөдөгү биринчи атомдук электр станциясынын курулушу боюнча маселени чечиш үчүн шайлоого барат.
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча өткөрүлгөн референдумда добуш берүү башталды.
Жалпысынан 10 миң 323 үкөк орнотулган өлкөдө добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө башталат.
Добуш берүү Казакстандын 59 мамлекетиндеги өкүлчүлүктөрүндө да өткөрүлүүдө.
Референдумга өлкөдө катталган 12 миллион 244 миң 683 шайлоочунун добуш берүүсү күтүлүүдө.
Шайлоочулар референдумда "Сиз Казакстанда атомдук электр станциясын курууга макулсузбу?" деген суроого "ооба" же "жок" деп жооп берет.
Референдумга Түрк Мамлекеттер Уюму баш болгон 4 эл аралык уюмдун байкоочулар миссиясынан 102 чет элдик байкоочу жана 30 өлкөдөн 75 чет элдик байкоочу байкоо жүргүзүүдө.
Референдумда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.