Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити боюнча орток пикирге келишти

Билдирүүдө TМУга мүчө өлкөлөрдөн турган Түрк дүйнөсүнүн биргелешкен алфавит комиссиясынын мүчөлөрү катышкан жыйындын ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

2186213
Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити боюнча орток пикирге келишти

Түрк академиясы, Түрк Мамлекеттер Уюму (TМУ) тарабынан түзүлгөн Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясынын 34 тамгадан турган орток түрк алфавити сунушун макулдашканын жарыялады.

Баш кеңсеси Казакстандын борбор шаары Астанада болгон Түрк академиясынын билдирүүсүндө, Түрк академиясы жана Түрк тил коому менен биргеликте 9-11-сентябрь күндөрү Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк дүйнөсү биргелешкен алфавит комиссиясынын 3-жыйыны өткөнү маалым болду.

Билдирүүдө TМУга мүчө өлкөлөрдөн турган Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясынын мүчөлөрү катышкан жыйындын ийгиликтүү аяктаганы белгиленди.

«Жолугушуунун негизги максаты бул жаатта алынган билимди жана комиссиянын 2 жылдык иш тажрыйбасын пайдалануу менен түрк тилдеринин орток алфавит долбоору боюнча ишти жыйынтыктоо болду»,-деп айтылды.

Билдирүүдө илимпоздор тарабынан биринчи жолу 1991-жылы сунуш кылынган латын негизиндеги Орток түрк алфавити долбоорунун ар тараптуу каралып, комиссия мүчөлөрүнүн бул алфавит долбоорунда иштелип чыгышы керек болгон маселелерге байланыштуу керектүү чечимдерди чыгарганы баса белгиленип: «Мындай ынталуу иштин жыйынтыгында 34 тамгадан турган жалпы түрк алфавитинин сунушу боюнча макулдашууга жетишилди. Сунушталган алфавиттеги ар бир тамга түрк тилдеринде кездешүүчү түрдүү фонемаларды билдирет»,делди.



Тектеш кабарлар