Эрсин Татар аралда федералдык негизде сүйлөшүүлөрдүн бүткөндүгүн билдирди
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татар грек тараптын туруктуу тынчтыкты караган чечим пландарын кеминде 15 жолу четке какканына көңүлдөрдү бурду.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар арал боюнча федералдык негизде сүйлөшүүлөрдүн бүткөндүгүн билдирди.
Эрсин Татар Лондондогу жолугушууларынын алкагында Британия парламентинин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.Кипр түрк калкынын жарым кылымдан ашык убакыттан бери теңдиктин негизинде федералдык чечим үчүн күрөшүп келгенин эске салган Татар, аралда түзүлө турган ырааттуулуктун эки мамлекеттүү чечим менен гана камсыздала турганын айтты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Татар грек тараптын туруктуу тынчтыкты караган чечим пландарын кеминде 15 жолу четке какканына көңүлдөрдү бурду.
Жаңы барак ачуунун мезгили келгенин белгилеген Эрсин Татар : «Киприлик түрктөр менен кипрдик румдар жакшы коңшулук жана эки тарапка тең пайда алып келе турган кызматташтык карым - катнашка ээ боло алышат»,-деди.
Татар кипрлик түрктөрдүн эки мамлекеттүү көз карашынан кайтпай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.
Кипрдик румдардын Бириккен Улуттар Уюмунун кеңири чечүүчү планы боюнча референдумда «жок» дегенин эске салган Эрсин Татар : «Буга карабастан, кипрдик румдар референдумдан бир жумадан кийин Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алынды, кипрлик түрктөр болсо бул теңдеменин тышында калды»,- деди.