Түркия менен Казакстан саясий кеңешүү жыйынын өткөрдү
Жыйынга Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алибек Бакаев төрагалык кылышты.
Түркия менен Казакстан кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары да тереңдетүүнү макулдашты.
Казакстандын борбор шаары Астанада Түркия менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу саясий кеңешүү жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Нух Йылмаз менен Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Алибек Бакаев төрагалык кылышты.
Жолугушууда тараптар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууга байланышкан маселелерди талкуулашты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташууга баа берип, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы перспективаларды талкуулашты. Түрк тарап Казакстандын айыл чарба тармагындагы ири долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) алкагында тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташууну уланта берерин дагы бир жолу ырасташты.
Жолугушууда тараптар Казакстан менен Түркиянын ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый бир туугандыктын жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде тереңдетүүнү улантуу боюнча макулдашышты.