Түрк аскерлеринин аралда болушу абдан маанилүү

Эрсин Татар Никосияда вице - президент Жевдет Йылмаз менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2184433
Түрк аскерлеринин аралда болушу абдан маанилүү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар түрк куралдуу күчтөрүнүн аралда болушунун өздөрү үчүн өтө маанилүү экенин айтты.

Эрсин Татар Никосияда вице - президент Жевдет Йылмаз менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Татар бул географияда өзгөчө Газадагы окуялар жана ар башка географиялардагы кагылышуулар менен болгон критикалык өнүгүүлөрдү эске алып, аралда тынчтык, бейпилдик жана коопсуздуктун канчалык маанилүү экенин баса белгиледи.

Эки мамлекеттүү чечимде мекени Түркиянын кепилдигинин улантылышынын маанисине көңүл бурган Татар: «Ошол эле учурда түрк аскерлеринин жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн аралда болушун дагы бир жолу баалайбыз. токтотуучу күч биз үчүн өтө маанилүү». деди ал.

Татар, БУУга орток пикир табылса сүйлөшүү процессине өтө тургандарын айтышкандарын түшүндүрүп, мунун эгемендик теңдик жана тең эл аралык статустун ырастоосу менен мүмкүн боло турганын баса белгиледи.

Татар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде көз карандысыз түрк мамлекети жана Түрк Мамлекеттери Уюмуна байкоочу мүчө болуу менен эл аралык статусу жогорулап жаткан ТКТРдин келечекте Чыгыш Жер Ортолук деңизинин жылдызы болуу максаттарынын ишке ашышында  эч кандай тоскоолдуктун болбой тургандыгын айтты.

Президент Татар изоляция жана эмбарголорго карабастан Түркиянын  муну ишке ашыра алат деген ишенич менен  колдоосунан улам   ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар