Кыргыз - Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасына Режеп Таййип Эрдогандын ысымы ыйгарылды
Президенттиктин басма сөз борборунан алынган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Жапаров Бишкек шаарында иштеп жаткан Кыргыз - Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасынын эми «Режеп Таййип Эрдоган» деп аталышына байланыштуу буйрукка кол койду.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров борбор шаардагы Кыргыз - Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасына президент Режеп Таййип Эрдогандын ысымын ыйгарды.
Президенттиктин басма сөз борборунан алынган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Жапаров Бишкек шаарында иштеп жаткан Кыргыз - Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасынын эми «Режеп Таййип Эрдоган» деп аталышына байланыштуу буйрукка кол койду.
Ушундайча оорукананын жаңы аталышы “Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз -Түрк "Достук" мамлекеттик ооруканасы” болду.
Жарлыкта “Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасына кыргыз - түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын ысымы ыйгарылды”,- деп айтылды.
72 орундуу заманбап оорукана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан курулуп, жабдылган.
Ковид-19 эпидемиясы учурунда ишке берилген ооруканада кыргыз жана түрк дарыгерлери өткөн жылы көптөгөн орган алмаштыруу операцияларын ийгиликтүү жасашты.
Тектеш кабарлар
ТМУга мүчө өлкөлөр "Түрктрансплант" системасын түзөт
Азербайжандын Шуша шаарында ТМУнун саламаттыкты сактоо министрлеринин жыйыны өткөрүлдү.
Казакстанда атомдук станция боюнча референдум өтүүдө
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча өткөрүлгөн референдумда добуш берүү башталды.