Токаев элге кайрылуусунда чечилүүнү күтүп жаткан бир нече экономикалык маселе тууралуу сөз кылды
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев «Четке кагуу же процесс узартылса, бул ишкерлер менен башкача сүйлөшүүлөр болот»,-деди.
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев элге кайрылуусунда чечилүүнү күтүп жаткан бир нече экономикалык маселе тууралуу сөз кылды. Мамлекеттик компанияларды башкаруу жана мыйзамсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү маселелерине токтолгон президент мамлекеттин экономикага катышуусун оптималдаштыруу керектигин айтты. Токаев : «Мамлекеттин экономикага түздөн түз кошулушу жогорку деңгээлде жана бул абал рынокто теңдик шарттарын бузууда, менчик секторго бөгөт коюда. Бизде мамлекеттик компанияларды башкаруу саясатынын азырынча өнүгө электигин кабыл ашыбыз керек»,- деди.
Президент бизнес чөйрөсүндө жасалган реформалардын ийгиликтүү болгонун баса белгилеп, чечиле элек көйгөйлөргө да көңүлдөрдү бурган Токаев : «Реформанын биринчи этабында ишкердикти чектеген 10 миңден ашык керексиз жана эскирген милдеттенмелер жоюлду. Дагы эле бизге ишкерлерден мамлекеттик органдардын ашыкча көзөмөлдөө аракеттери боюнча арыздар түшүүдө», - деди.
Токаев өзгөчө мыйзамсыз активдерди өткөрүп берүү маселесине токтолуп, компромисстик мамилени сунуштады. Катталган ишкерлерге өткөрүлүп берилген активдердин мыйзамсыз деп эсептелбестен келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн. Бирок президент кызматташууга барбагандарга катаал чаралардын көрүлөрүн эскертти. Токаев : «Четке кагуу же процесс узартылса, бул ишкерлер менен башкача сүйлөшүүлөр болот»,-деди.
Президент ошондой эле ири компаниялардын ээлерин социалдык долбоорлорго активдүү катышып, мектептерди, ооруканаларды, стадиондорду, музейлерди жана башка социалдык-маданий объектилерди курууга салым кошууга чакырды. Токаев кайрымдуулук кылган кишилердин ысымдарын “алтын тизмеге” киргизүү менен түбөлүккө калтырууга убада берди.