«Фамагуста» сериалына реакция
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Тышкы иштер министрлиги санариптик платформада көрсөтүлө турган «Фамагуста» сериалына реакция кылды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2024-жылдын 20-сентябрында санариптик платформада көрсөтүлө турганы жарыяланган Кипр Рум чыгарылышы «Фамагуста» сериалынын трейлеринде Кипр аралында болгон окуяларды чындыкка дал келбеген көрүнүштө чагылдырган көрүнүштөрдүн камтылганы маалымдалды.
Рум тараптын көнүмүш пропагандасынын алкагында 1974-жылы Кипр маселесинин «согуш» менен башталганы айтылган көрүнүштөрдө, даңазалуу түрк армиясынын жарандардын өмүрүн бутага алган тарап катары каралоого аракет кылынганы баса белгиленген билдирүүдө: «Бул сериалдын продюсерлерин жана көрсөтүлө турган санариптик платформаны катуу айыптап калп, туура эмес жана бир жактуу аргументтерге негизделген сериалды көрсөтпөөгө чакырабыз»,- делди.
Түркиянын 1960-жылдагы эл аралык келишимдерден келип чыккан мыйзамдуу укуктарынын алкагында кан төгүүнү токтотуу үчүн аралга кийлигишүүгө мажбур болгону жана Кипр түрк калкынын 1964-1974-жылдары куугунтукка алынганы маалымдалган билдирүүдө: «Кипр түрк калкына каршы кыргындар жана алардын аралдын үч пайызына туура келген геттолордо жашоого мажбурланышы жаап-жашырылгыс тарыхый чындыктар. Түркиянын мыйзамдуу кийлигишүүсү менен аралдагы кан төгүүлөр токтогон. Бүгүнкү күндө Кипрде тынчтыкты камсыздаган жана коргогон жалгыз тарап Түркия жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн бул жерде болушу. Чындыктарды бурмалоого багытталган ушул сыяктуу аракеттер көздөгөн натыйжаларга карама-каршы, канчалык негиздүү экенин көрсөтүп турат жана биздин адилеттүү ишибизди ар бир платформада коргоого чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт»,-деген сөздөр камтылды.
1974-жылдын 20-июлу Кипр түрк элинин боштондукка чыккан күнү ошондой эле «тең укуктуулукту коргоонун символу» экендиги баса белгиленген билдирүүдө: «Бул чындыкка эч кандай аракет көлөкө түшүрө албайт. Мындан улам биз дагы бир жолу шейиттерибизди ырайым менен эскерип, ардагерлерибизге таазим кылабыз»,-деп айтылды.