Казакстан Россияга каршы санкцияларга баш ийбейт
Жумангарин Блумбергге берген маегинде : "Өз өндүрүүчүлөрүбүздүн соодасына тыюу салынышына уруксат бербейбиз",- деди.
Казакстандын вице - премьер - министри, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин өлкөсүнүн Украина агрессиясына каршы батыштын Россияга киргизген санкцияларына баш ийбей тургандыгын айтты. Министрдин ою боюнча эгерде бул санкциялар аймактардын негизги иш берүүчүлөрү болгон улуттук компанияларга таасирин тийгизе турган болсо Казакстан санкцияларга баш ийбеши мүмкүн.
Жумангарин Блумбергге берген маегинде : "Өз өндүрүүчүлөрүбүздүн соодасына тыюу салынышына уруксат бербейбиз",- деди.
Жумангариндин айтымында, Казакстан аскердик жана жарандык максатта эки тараптуу колдонулуучу шариктик подшипниктерди сатууга тыюу салууга кошулбады анткени жергиликтүү завод буларды салттуу түрдө бир гана Чыгыш Европа жана мурдагы советтик өлкөлөрдө гана колдонулуп келген техникалык талаптарга ылайык чыгарууда.
Батыш мамлекеттери шариктик подшипниктердин Россиянын коргонуу өнөр жайына зарыл болгон "жогорку артыкчылыктуу" аскердик товарлардын категориясына киргендигин ырасташууда.
Жумангарин муну менен бирге Казакстан мурдагыдай эле эл аралык санкция саясатынын негизги беренелерине баш ийерин билдирди. Жетекчи АКШнын каржы министрлигинин санкция тизмесине кирген жергиликтүү ишканалардын жабылуу процессинде экенин айтты бирок кеңири маалымат берген жок.
Жумангариндин айтканына караганда Россиянын товарларга жетүүсүн чектей турган чаралардын айрымдары Казакстага зыян алып келди жана батыш өкмөттөрү бул зыянды толуктоо үчүн эч нерсе жасаган жок. Россия менен төлөмдөр тууралуу маселелердин чоң бөлүгүн чечкендерин белгилеген Жумангарин санкцияга кабылбаган банктар менен иштешкендерин жана акча которуулардын 88 пайызын улуттук валютада ишке ашырышканын айтты.