Мирзиёев Борбордук Азия өлкөлөрүндө ID менен саякаттоону сунуштады
Ушундай эле система Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 2023-жылдын 1-сентябрынан бери иштеп келет. Эки өлкөнүн жарандары чек арадан паспорттун ордуна ID карталары менен өтүп, барган өлкөсүндө жүрө алышат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбордук Азия мамлекеттеринин чек арасынан ID менен өткөрүү практикасын киргизүүнү сунуштады. Астанада Борбор Азия мамлекет башчыларынын VI курултайы өттү. Кеңешме жыйынында сөз сүйлөгөн Мирзиёев туризмдин аймактык өнөктөштүктүн жаңы кыймылдаткыч күчү экенин баса белгиледи. Президент ошондой эле «Бир тур – бүтүндөй аймак» принциби менен жаңы массалык туристтик өнүмдөрдү иштеп чыгууну сунуштады.
Ушундай эле система Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 2023-жылдын 1-сентябрынан бери иштеп келет. Эки өлкөнүн жарандары чек арадан паспорттун ордуна ID карталары менен өтүп, барган өлкөсүндө жүрө алышат.
Өзбекстандын лидери акыркы алты жылда Борбор Азия мамлекеттери соода, инвестиция, транспорт, саякат жана башка тармактарда ишке ашырылган долбоорлор аркылуу орток көйгөйлөрдү чечүүдө тилектештикти кыйла жогорулатып, жалпы аймактык иденттүүлүк барган сайын бекемделе баштаганын айтты.
Тектеш кабарлар
Жапаров Казакстанда 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты
Салтанаттуу иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу өлкөлөрдүн парады менен башталды.