Орто Азия лидерлери Казакстанда чогулду

Казакстандын борбору Астанада Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжандын лидерлеринин катышуусунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын 6 - Кеңешме жыйыны өттү.

2173718
Орто Азия лидерлери Казакстанда чогулду

Казакстандын борбору Астанада Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Азербайжандын лидерлеринин катышуусунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын 6 - Кеңешме жыйыны өттү.

Казакстандын президенти Касым Жомерт Токаевдин жетекчилигинде өткөн саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахман катышты.

Казакстандын президенти Токаев Акордада өткөн саммитте сөз сүйлөп, Борбор Азия лидерлеринин бул кеңешме жыйынындарынын  аймактык кызматташтыкты арттырууга кызмат кылып жаткандыгын белгиледи.

Борбор Азиянын транзиттик жана транспорттук потенциалын мындан ары өнүктүрүү чоң мааниге ээ экенин белгилеген Токаев Транскаспий эл аралык транспорт коридору, Түндүк - Түштүк коридору жана «Бир алкак, бир жол» демилгеси сыяктуу долбоорлорго өзгөчө басым жасады. 

Маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгына токтолгон Токаев биргелешкен медиа продуктуларды түзүү боюнча иш баштоону сунуштады.

Токаев дагы бир маанилүү теманын экологияны коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү экенин белгиледи.

Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын 6 - Кеңешме жыйынынан  кийин Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын лидерлери аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөгөн “Борбор Азия - 2040 Концепциясы” документине кол коюшту.

Азербайжандын президенти Алиев да Армениянын оккупациясынан бошотулган Карабахтын калыбына келтирилишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн колдоосунун бир туугандык карым - катнаштын көрсөткүчү экенин белгиледи. Алиев Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанга аймактагы билим берүү мекемелерин куруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Азербайжандын президенти Борбор Азия өлкөлөрү менен кайра жаралуучу энергия тармагында тыгыз кызматташтык түзүүнү каалашкандарын, транспорт жана транзит тармагында да кызматташкандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар