Алиев: «Франция жүргүзүп жаткан неоколониализм саясаты жийиркеничтүү»

Алиев бул тууралуу 5-августта Буркина-Фасонун Азербайжанга жаңы дайындалган элчиси Винт Соме менен жолугушуусунда билдирди.

2172100
Алиев: «Франция жүргүзүп жаткан неоколониализм саясаты жийиркеничтүү»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Францияны неоколониализм саясатын жүргүзүп, Азербайжанга адилетсиздик кылып жатат деп айыптады. Бул тууралуу Алиев 5-августта Буркина-Фасонун Азербайжанга жаңы дайындалган элчиси Винт Соме менен жолугушуусунда билдирди.

Эл аралык уюмдарда, өзгөчө БУУ жана Кошулбоо кыймылында бири-бирине колдоо көрсөтүүнүн маанисине токтолгон Алиев, Азербайжандын Кошулбоо кыймылына 4 жылдык төрагалыгы учурунда колониализм жана неоколониализм менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айтты.

«Франция жүргүзүп жаткан неоколониализм саясаты жийиркеничтүү», - деп айткан Алиев: «Азербайжан бул саясатка каршы үнүн жогору көтөрүп, кандуу колониялык тарыхы бар Франциянын кулчулугуна айланган элдердин көз карандысыздыгын жана эркиндигин талап кылууда», - деди.

Алиев ошондой эле Францияны Азербайжан өз аймагын оккупациядан бошоткондон бери ага бир жактуу мамиле кылып жаткандыгы менен айыптады. Алиевдин айтымында, Франция БУУнун жана Евробиримдиктин алдында Азербайжанга каршы активдүү.

Баку менен Париждин мамилеси 2020-жылдагы Карабах жаңжалынан кийин кескин начарлап кеткен. Франция Азербайжанга карата сынчыл билдирүүлөрдү жасады, Арменияга курал-жарак берүүнү көбөйттү жана Баку Азербайжанга каршы деп эсептеген бир нече чечимдерди кабыл алды.



Тектеш кабарлар