Татар: «Христодулидистин үч тараптуу жыйын жөнүндөгү сөздөрү чындыкка дал келбейт»
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Татар түрк тараптын эгемен теңдиги жана тең эл аралык статусу катталмайынча Кипр боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун сөзү болбогонун белгиледи.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар Рум башкаруусунун лидери Никос Христодулидистин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан 13-августтагы үч тараптуу жыйынга чакырылгандыктары жөнүндөгү сөздөрүн четке какты.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттигинин билдирүүсүнө караганда, Татар түрк тараптын эгемен теңдиги жана тең эл аралык статусу катталмайынча Кипр боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун сөзү болбогонун белгилеп, федералдык чечим сүйлөшүүлөрүнө эч кандай түрдө кайра кайтуу болбой турганын баса белгиледи.
Христодулидистин БУУдан 13-августка үч тараптуу жолугушууга чакыруу алганы тууралуу билдирүүлөрүнө байланыштуу Татар: «Эч ким сүйлөшүүлөр Кранс Монтанада токтогон жерден башталат деп күтпөшү керек. Федералдык чечимди издөө Кранс Монтана шаарында аяктады. Кипр маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн бирдиктүү негиз жок.
Орток негиз жок экенинин чындыгы көрүнүп турган соң үч тараптуу же башка форматта жолугушуунун зарылчылыгы жок. Рум лидери Никос Христодулидис болоору болду дегендей келишимди түзүүгө умтулууда. Рум лидеринин үч тараптуу жолугушуу тууралуу айтканы чындыкка дал келбейт»,-деди.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар Христодулидистин тынымсыз бир түшүнүк жаратуу жана түрк тарапты кыйынчылыкка салуу аракетинде экенине көңүл буруп, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Түркия менен ар бир темада толук ынтымакта иш кылганын белгиледи.
Татар ТКТРдин сүйлөшүүлөргө карата мамилеси жана позициясынын ачык экенин баса белгилеп: «БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериштен үч тараптуу жолугушууга чакыруу жок. Ансыз деле биз азыркы шарттарда үч тараптуу жолугушууну жактырбайбыз. Мындай жолугушууга эч кандай негиз жок. Сүйлөшүүлөр кандай шартта башталышы мүмкүн экендиги боюнча биздин позициябыз ачык.
Биздин эгемендүү тең укуктуулугубуз жана бирдей эл аралык статусубуз катталмайынча сүйлөшүүлөр башталбайт. Румдар дагы оюндарын улантууда. Бизге эч кандай чакыруу келген жок. Кипрдик румдардын максаты түрк тарап боюнча түшүнүк жаратып, кысым көрсөтүүгө аракет кылуу. Биз мындай оюндарга түшпөйбүз. Христодулидис куру кыялдардын артынан түшүүнү токтотуп, аралдагы чындыктарды эске алышы керек»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Росатом Россиянын тышында алгачкы шамал энергиясы долбоорун Кыргызстанда баштады
10 мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Көк - Мойнок айылына курулат.