Казакстан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөт

Казакстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда борбор шаар Астанада өткөрүлө турган иш-чара этноспорттун жана этномаданий кыймылдардын өнүгүшүнө түрткү болот.

2165228
Казакстан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөт

Казакстанда 8-13-сентябрь күндөрүнүн аралыгында Борбордук Азиянын көчмөн элдеринин салтына негизделген спорттун этникалык түрлөрүн көрсөткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.

Казакстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда борбор шаар Астанада өткөрүлө турган иш-чара этноспорттун жана этномаданий кыймылдардын өнүгүшүнө түрткү болот.

Иш-чарага 100гө жакын өлкөдөн 2500дөй спортчунун катышуусу жана 100 миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдик туристтин катышуусу күтүлүүдө.

Казакстандын Туризм жана спорт министрлиги, ЮНЕСКО, Түрк мамлекеттер уюму (TМУ) жана башка уюмдар тарабынан уюштурулган оюндар "Улу Дала Дубири (Улуу Талаа жолугушуусу)" урааны менен өтөт.

Ат чабыш, улуттук күрөш, салттуу интеллектуалдык оюндар, согуш өнөрлөрү, салттуу жаа атуу, улуттук куш салуу жана элдик бийлер сыяктуу негизги спорттук тармактарда 21 тармакта жалпысынан 97 комплект медаль ойнотулат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2024-жылдын башында Көчмөндөр оюндарынын маанилүүлүгүн,"Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чоң окуя болот. Бул улуттук спорттун түрлөрүн жана сергек жашоону жайылтууда, көчмөндөрдүн мураскери болгон Улуу талаа цивилизациясы боордош элдердин маданий-гуманитардык байланыштарын кеңейтүүдө чоң мааниге ээ», деген сөздөрү менен баса белгиледи.

Алгачкы оюндар 2014-жылы Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ошондон бери 2 жылда бир өткөрүлүүчү ири иш-чарага айланды.

2016 жана 2018-жылдары Кыргызстан жана 2022-жылы Түркия өткөргөн Көчмөндөр оюндарына катышуучулардын саны жана оюндардын мааниси күн санап өсүүдө.



Тектеш кабарлар