Түркия - Кыргызстан мунай иштетүүчү заводу курулат

Энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда  министр Таалайбек Ибраев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылындагы мунайды кайра иштетүүчү  заводунун курулушу менен таанышты жана жетекчилерден маалымат алды.

2160536
Түркия  -  Кыргызстан   мунай иштетүүчү заводу курулат

Кыргызстандын Баткен облусунда кыргыз - түрк өнөктөштүгү менен мунай иштетүүчү завод курулат.

Энергетика министрлигинин билдирүүсүнө караганда  министр Таалайбек Ибраев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылындагы мунайды кайра иштетүүчү  заводунун курулушу менен таанышты жана жетекчилерден маалымат алды. 

Жетекчилер "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы менен "Кыргыз-Түрк К - НефтьГаз" комапниясынын күндө  500 тонна чийки мунай  иштетүү заводунун сентябрь айынын акырында ишке кириши пландалып жаткандыгын билдиришти. 

Азыркы учурда  41 кыргыз жана  10 түрк инженери иштеп жатат.  Инвестициянын жалпы суммасы 91 млн долларды түзөт. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 90%дан ашыгынын аткарылганы жана керектүү уруксаттардын чыкканы тууралуу маалымат берилди. 

"Кыргыз  -  Түрк К - НефтьГаз" компаниясы 2023 -  жылы  23 -  мартта "Түндүк Сох" жана "Чонгара Галча" мунай аянттарын иштетүү үчүн курулган. 

 



Тектеш кабарлар