Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчылары эртең Шушада чогулат

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сунушу менен өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган саммитке Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын президенттери менен жогорку мартабалуу жетекчилери катышат.

2159670
Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчылары эртең Шушада чогулат

Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары жана жогорку мартабалуу жетекчилери эртең Азербайжандын Шуша шаарында расмий болбогон саммитте жолугушат.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин сунушу менен өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган саммитке Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын президенттери менен жогорку мартабалуу жетекчилери катышат.

Түркиядан вице  - президент Жевдет Йылмаз катыша турган саммитке Түрк Мамлекеттери Уюмунун  байкоочу өлкөлөрү Түркмөнстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Венгриянын лидерлери да катышат.

Саммитте лидерлер Ортоңку коридордун жана башка транспорт байланыштарынын бекемделиши темасын, Азербайжандын 11 – 22 -  ноябрда өткөрө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP 29) 29 Тараптын Конференциясына даярдыктарды талкуулашат.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун долбоорлору тууралуу айрым документтер бекитиле турган саммитте мамлекет башчылары Карабах декларациясына кол койот.

Саммиттин алдында Түрк Мамлекеттери Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңеши да Шушада чогулуп, саммиттин күн тартип беренелерине жана мамлекет башчылары тарабынан кол коюла турган документтерди жыйынтыктайт.



Тектеш кабарлар