Кыргызстанда козголоң кыймылына бөгөт коюлду

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишине бөгөт коюлду.

2159713
Кыргызстанда козголоң кыймылына бөгөт коюлду
Kırgızistan'da darbe girişimi önlendi 2.jpg
whatsapp_image_2024-07-05_at_14_38_04.730x0.jpeg

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын басма сөз борборунан берилген маалыматта күч менен бийликти басып алуу жана  массалык баш аламандык жаратуу жолу менен өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууну пландаган топтун тоскоолдукка учуратылагндыгы билдирилди. 

Жүргүзүлгөн териштирүүдө  бул топтун мүчөлөрүнүн "кылмыш идеологиясын колдогон жана ошол эле учурда диний идеологияны жактаган" кишилерден тургандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө  операцияда кармалган кишилердин үйлөрүндө жана унааларында колдо жасалган жардыруучу заттар, ок  - дары, кук коргоо органдарынын кийимдери, учкучсуз учуучу аппараттар жана башка тыюу салынган басылмалардын табылгандыгы маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар