ШКУнун мамлекет башчыларынын 24 - саммити башталды

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын  24 -  саммити Казакстандын борбор шаары Астанада башталды.

2159165
ШКУнун мамлекет башчыларынын  24 -  саммити башталды
sio zirve astana1.jpg
sio zirve astana.jpg

Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын  24 -  саммити Казакстандын борбор шаары Астанада башталды. 

Президент Режеп Таййип Эрдоган да катышкан "Шанхай Кызматташтык Уюму + " форматында өтүп жаткан саммит Астанадагы Көз карандысыздык сарайында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңеш жыйыны менен өтүүдө. 

Казакстандын президенти Касым -  Жомарт Токаевдин жетекчилигиндеги жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахман, Пакистандын премьер - министри Шахбаз Шариф, Ирандын убактылуу президенти Мухаммад Мухбир, Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар, Беларус президенти Александр Лукашенко жана ШКУнун баш катчысы Чжан Мин катышууда.

Жабык эшик артында өткөн жыйындан мурда лидерлер Беларустун Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук мүчөлүккө шайлануусуна карата чечимге кол коюшту. Ушундайча Беларусь Шанхай Кызматташтык Уюмунун 10-мүчөсү болду.

Президент Эрдоган : "Көп тараптуу диалогдун бекемделиши : туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн аракет кылуу" деген темада өткөн  "ШКУ + "  саммитинде сөз сүйлөйт.  

Саммиттин акырында Казакстан кезектешкен башкаруучулукту Кытайга өткөрүп берет. 

 



Тектеш кабарлар